SerepTV Logo

"Урушкуңуз келип жатабы?" Депутат менен министрдин орун басары кайым айтыша кетти

"Урушкуңуз келип жатабы?" Депутат менен министрдин орун басары кайым айтыша кетти
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо менен ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов кайым айтыша кетишти. Депутат: Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээгинде элдин үлүш жерлерин суу алып кетти. Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарындагы калктуу конуштарга суу ооп бара жатат. ӨКМ барып көрдү беле?  Орун басар: Маалымат бар менде. Былтыр өзүм барып көрүп кеткем. Тиешелүү иштер болот, бирок быйылкыга каражатыбыз жок. Депутат: Акча жок болсо, былтыр көрүп келген болсоңор, сугат жерлерди билесиз да. Ошол жер быйыл жок калды. Быйыл кантип жер айдайбыз деп жатышат. Эмне кылабыз?  Орун басар: Министрлик айдоо жерлерге жооп бербейт, министрлик калктуу конуштарды коргойбуз.  Депутат: Аны билебиз. Ак-Кыя боюнча маалыматыңыз барбы?  Орун басар: Маалыматым бар. Тиешелүү чечимдер чыккан. Каражат жок азыр.  Депутат: Ошондо каражат жоктугунан улам жерлер желип кете береби? Орун басар: Каражатка карата иш кылабыз да. Коркунучта турган айылдарды коргоо боюнча иштерди алып барабыз.  Депутат: Урматбек мырза, эмне болду? Урушкуңуз келип жатабы? Орун басар: Урушкум келген жок.  Депутат: Карагыла да анда.