SerepTV Logo

Унааны өзү башкарып. Садыр Жапаров Түркмөнстандын президентин кандай тосуп алды?

Унааны өзү башкарып. Садыр Жапаров Түркмөнстандын президентин кандай тосуп алды?

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Борбор Азия өлкөлөрү боюнча сапарынын алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле бир катар маданий иш-чараларга баруулары пландалууда.

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от SEREPTV | ИНТЕРВЬЮ | ЖАНЫЛЫК (@sereptv)