SerepTV Logo

"Улуу кызы ДЦП менен жабыркайт". Эки баланы тарбиялап жаткан ата жардамга муктаж

"Улуу кызы ДЦП менен жабыркайт". Эки баланы тарбиялап жаткан ата жардамга муктаж

Военно-Антоновкада эки кызын тарбиялап жаткан жаран жардамга муктаж. Бул тууралуу социалдык тармактарга Чынара Бакирова аттуу колдонуучу жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, 11 жаштагы кызга балдардын борбордук нерв системасынын шал оорусу (ДЦП) диагнозу коюлган. Мындан улам Данияр Сыдыков жумушка чыга албай жатканы айтылат. Балдарды калтыра турган эч ким жок. "Төшөктө жаткан бала такай кароого муктаж, аны кашык менен тамактандырып, тазалап туруу керек. Тамак-аш жана кам көрүү каражаттары жетишсиз. Ошондой эле электр энергияга жана жылуулукка акча төлөөдө да кыйналууда», — деп айтылат билдирүүдө.

ЭлСом 0706886669 (Данияр Сыдыковдун атына ачылган) же Visa банк картасына: 4177490148463542 акча которуу аркылуу жардам берсеңиз болот.

https://www.youtube.com/watch?v=h4dvL_Mijpw