SerepTV Logo

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси иш сапары менен Кумтөргө барат

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси иш сапары менен Кумтөргө барат
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет 24-25-июнь күндөрү Кумтөргө барат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 24-25-июнь күндөрү Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Кумтөр кенине барат. Элчилик кошумчалагандай, Британиянын элчилигинин командасында туруктуу эколог же тоо-кен тармагы боюнча адис жок болгондуктан, кендин экологиялык абалы же техникалык маселелери боюнча комментарий же кандайдыр бир баа берилбейт.