SerepTV Logo

Улуу актриса Жамал Сейдакматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Улуу актриса Жамал Сейдакматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат
Театр жана кино искусствосунун улуу актрисасы маркум Жамал Сейдакматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн 17-февралда эл артисти Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты саат 10:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Сейдакматова кечээ, 16-февралга караган түнү саат 3:05 оорудан улам көз жумган. Ал 82 жашта болгон.
Unknown Author