Улуттук онкологиядагы аппарат иштен чыкты. Айымдар чет өлкөдөгү ооруканаларга барууга мажбур болушууда
Улуттук онкология жана гематология борборунда жатын моюнчасынын рагын дарылоочу аппарат кайрадан иштен чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда СЕРЕП МЕДИА агенттигине борбордун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Бактыгүл Бекбоевна билдирди.
Анын айтымында, бир эле аппарат бар. Бирок ал да иштөө жүгүн көтөрө албай бузулуп жатат. Негизинен борборго мындай 3 аппарат керек болчу.
“Учурда аппарат иштебей жатат. Бизге мындай аппаратын 3 даанасы керек. Анткени бир аппарат иштөө жүгүн көтөрө албай бузулуп жатат. Бизге министрлик аппартты оңдоого акча бөлгөн. Тендер өткөрүп оңдогон жатабыз”,- деди ал.
Борбордун кызматкерлеринин айтымында, оорулуулар аппараттын жоктугунан Орусия менен Казакстанга барууга мажбур болуп жатышат. Ал эми каражат жактан тартыштыгы барлар кезек күтүүдө.