Онкология боюнча улуттук борбордун директору кызматтан кетти
Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун директору Эрнис Тилеков кызматтан кетти. Ал өз каалоосу менен арыз жазган.
Эрнис Тилеков оңой эмес учур болгон 2017-жылы жетекчилик кызматка келгенин эскерди. Анын алдында шашылыш курулуш, оңдоп-түзөө иштери, инфраструктураны жаңылоо, дарылоочу, диагностикалык жана лабораториялык жабдыктарды жаңылоо, зарыл болгон дары-дармектерди толуктоо милдеттери турган.
Өзүнүн айтымында, клиницист жана билим берүү тармагындагы практикалык иштерин улантат.