SerepTV Logo

Улуттук кардиология борборунун директору кызматтан бошотулду

Улуттук кардиология борборунун директору кызматтан бошотулду
Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Сарыбаев Министрлер кабинетинин 29-ноябрдагы буйругуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Директордун милдеттери убактылуу Тез жардам кардиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Медет Бейшенкуловго жүктөлдү. Бүгүн, 30-ноябрда аны саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жамаатка тааныштырды. Акпай Сарыбаев 2019-жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалган.