SerepTV Logo

Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Долон Сакмаматов каза болду

Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Долон Сакмаматов каза болду
Бүгүн, 25-январда Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы Долон Сакмаматов мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Сакмаматов 57 жашта болгон. Министрлик анын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү жана бейтаптардын саламаттыгына кам көрүүдөгү салымын баса белгиледи.