SerepTV Logo

Улуттук фтизиатрия борборуна 24 млн сомго медициналык керебеттер тапшырылды

Улуттук фтизиатрия борборуна 24 млн сомго медициналык керебеттер тапшырылды
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборуна 24 миллион сомдук медициналык керебеттерди тапшырды. Бул тууралуу АКШ элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бардыгы 78 керебет берилди. Алар атайын АКШдан алынып, кургак учуктан дарыланып, көп убактысын ушул борбордо өткөргөн бейтаптар үчүн абдан ыңгайлуу экени белгиленди. Уулттук фтизиатрия борбору Кыргызстандагы кургак учукка каршы башкы жана эң ири оорукана. Борбор 350 орунга эсептелген. Жыл сайын медициналык мекемеден 2,2 миң адам дарылануудан өтөт. Кургак учуктан дарылоо бекер жүрөт.  [gallery size="full" ids="25170,25171,25172"]
Unknown Author