SerepTV Logo

Улуттук банктын курсу боюнча Кыргызстанда кызматкердин орточо айлык маянасы 224 долларды түздү

Улуттук банктын курсу боюнча Кыргызстанда кызматкердин орточо айлык маянасы 224 долларды түздү
Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2021-жылдын январь-апрель айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 18 миң 957 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат. 2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда бир кызматкерге эсептелген орточо номиналдык эмгек акы 7 пайызга жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде, анын чыныгы көлөмү 2,6 пайызга төмөндөдү. Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде 2021-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык маянасы 224,1 долларды түздү.
Unknown Author