SerepTV Logo

Улуттук банк: "Экономиканын жигердүүлүгүнүн акырындап калыбына келишинин алгачкы белгилери байкалууда"

Улуттук банк: "Экономиканын жигердүүлүгүнүн акырындап калыбына келишинин алгачкы белгилери байкалууда"

Дүйнө жүзү боюнча жана Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүктүн калыбына келиши байкалууда. Бул акырындап соода-логистикалык жолдорду калыбына келтирип, өлкөнүн тышкы экономикалык ишин кайра баштоого шарт түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, дүйнөдө болуп жаткандай эле региондо да вакцина менен эмдөө жай арымда жүрүп, COVID-19га чалдыккандардын санынын өсүшү да экономикалык жигердүүлүктүн толугу менен калыбына келишин кечеңдетүүдө

"Кыргызстандын экономикасынын жигердүүлүгүнүн акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы алгылыктуу белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,1 пайызды түзгөн. Ички керектөө бир калыпта катталууда жана ал өлкөгө акча которуулардын эсебинен колдоого алынууда. 2021-жылдын январь-март айлары ичинде жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши 420 миллион долларды түзүү менен 22,4 пайызга жогорулаган. 

Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө, негизинен, азык-түлүк товарларына (күн карама майы, эт жана кант) жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын өсүшү сакталып турат. 2021-жылдын май айында жылдык инфляция көрсөткүчү 10,7 пайыз чегинде калыптанган. Глобалдуу рыноктордо жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашы өлкөдө инфляциялык тобокелдиктердин сакталып турушунан улам шартталган",- деп айтылат маалыматта.