SerepTV Logo

Премьер Улукбек Марипов менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жолукту

Премьер Улукбек Марипов менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин жолукту
Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны алкагында Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар эки тараптуу өз-ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын президентинин  Казакстан Республикасына жакын арада жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  маселелер талкууланды. Белгилесек, жолугушуу Кордай айылында (Казакстан Республикасы) өттү.
edita