SerepTV Logo

Улукбек Марипов бир тууганын Ноокат районунун акими кызматынан бошотту

Улукбек Марипов бир тууганын Ноокат районунун акими кызматынан бошотту

Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Улукбек Марипов бул чечим "кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын-алуу үчүн кабыл алынды" деп билдирди.

Белгилей кетсек, Бакытбек Марипов Улукбек Мариповдун бир тууган иниси. Мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткаруу бийлигинин курамына кирет жана түздөн-түз премьер-министрге баш ийет.

Кечээ, 3-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жаңы премьер-министрдин бир тууган иниси, Ноокат райондук администрация башчысы Бакытбек Мариповго «Агаңыз өкмөт башчылыгына келди. Кызыкчылыктардын кагылышын жаратпаш үчүн акимдик кызматтан кетесизби?» деген суроо менен кайрылган болчу. Бул суроого Бакытбек Марипов: «Мени жаңы премьер эмес, өкмөт башчы болуп турганда Садыр Жапаров бекиткен» деп жооп берген эле.

edita