SerepTV Logo

Улукбек Марипов: "2020-жылдын жыйынтыгы боюнча кен ишканаларынан мамлекеттик казынага 18 миллиарддан ашык каражат түшкөн"

Улукбек Марипов: "2020-жылдын жыйынтыгы боюнча кен ишканаларынан мамлекеттик казынага 18 миллиарддан ашык каражат түшкөн"
Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын тоо-кен өндүрүшчүлөрүнүн жана геологдорунун ассоциациясынын жана Эл аралык ишкер кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кен иштетүү тармагынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды. «Тоо-кен сектору – Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бирок 2020-жылдын 6-октябрынан түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал көптөгөн кен компаниялардын ишинин токтошуна алып келди. Анткен менен 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, кен ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке 18 миллиард 204 миллион 37 миң сом түшкөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 140% – 12 миллиард 999 миллион 254 миң сомду түзөт. Биз үчүн көп жылдык тажрыйба жана ишибизде эксперттердин көз карашы маанилүү. Ишибиздин жөнгө салынышына кызыкдарбыз. Тоо-кен тармагындагы экономиканын өнүгүүсүнө жана инвестициялык жагымдуулукка терс таасирин тийгизген белгилүү бир кыйынчылыктарды эске алуу менен, биз тиешелүү реформаларды жүргүзүү ниетиндебиз»,- деди Улукбек Марипов. Ассоциациянын мүчөлөрү кен иштетүү тармагынын негизги маселелерин белгилешти, алардын арасында: кен пайдаланууну мыйзамдуу жөнгө салуу, кесипкөй кадрлардын, тармакты өнүктүрүүгө бюджеттик каражаттардын жоктугу, саясий туруксуздук, жергиликтүү коомчулуктар менен өз ара аракеттенүү маселелери бар. Эксперттер ошондой эле, кен иштетүү жаатында тармактык мамлекеттик органды сактап калуу жана кен пайдалануу тармагында туруктуу ишти камсыздоо, кесипкөй эксперттик коомчулук институтун түзүү, Улуттук илимдер академиясы менен кызматташууну жандандыруу зарылдыгын белгилешти.
edita