SerepTV Logo

Улукбек Кочкоров чуу жараткан коляскалар боюнча билдирүү жасады

Улукбек Кочкоров чуу жараткан коляскалар боюнча билдирүү жасады
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы жетекчиси Улукбек Кочкоров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу пандемия учурунда аталган министрлик 15 миң сомдук коляскаларды 50 миң сомдон сатып алган деген маалымат боюнча билдирүү жасады. Анда ал 50 миң сомдук коляскалар көп функционалдуу экенин айтты. Мен министр болуп келгенде шал ооруусу (ДЦП) менен ооруган майып жарандарыбыз комнатада жүрүүчү жөнөкөй колясканын ыңгайсыздыктарын айтышып, көп функционалдуу коляскага өтө муктаж экенин билдирип жатышты. Муктаждыктарын дароо эле чечип салуу мүмкүн болгон жок. Анткени, Өкмөттүн жоболорунда көп функционалдуу коляска алууга уруксат берилген эмес эле. Министрлик 1 жыл талыкпаган эмгек жумшап, чуркап, Өкмөттүн тиешелүү жобосуна өзгөртүү киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында муктаждарды көп функционалдуу коляска менен камсыздоого жол ачылды. Майыптарды көксөп күткөн көп функционалдуу коляскалар менен камсыздадык. Алардын кубанычында чек жок эле. Чексиз ыраазылыктарын айтышып, кубанычтан көз жашын агызышкан. Биз алар үчүн жакшы иштерди жасаганыбызга ыраазымын. Эми бааларына токтолоюн. 15000 сомдук коляска дегени бул жөнөкөй комнатада жүрүүчү коляскалар. Андайларды министрлик 10 миң сомдун тегерегинде сатып алган. 50 миң сомго алды делген коляскалар көп функционалдуу коляскалар. Шал ооруусу менен ооруган балдарга ылайыкталган. Тулку боюн, белин, моюнун, башын түз кармайт, чалкалатып уктаганга ылайыктап койсо болот, отуруп тамак ичкенге ыңгайлаштырылган, айтор көп функциясы бар. Албетте, мунун баасы 15 миң сом эмес. Анын баасы 100 миң сомго чейин барат. Аны ар кандай интернет сайттарынан карап көрсөңүздөр болот”, - деп билдирди ал. Ошондой эле Кочкоров ар бир нерсенин өзүнө жараша баасы боло турганын,  мыйзам бузуулар болсо, тиешелүү адамдар жооп бериши керектигин, бирок, министрликтин кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок экендигине ишене тургандыгын билдирген. Белгилей кетсек, кечээ 10-мартта Улуттук коопсуздук мамлкеттик комитети (УКМК) Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин пандемия учурунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коляскаларды кымбат баада сатып алуу иши аныкталганын маалымдаган.
Unknown Author