Уланбек Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды
- Туулган күнү жана жери: 1984-жыл. Баткен облусу, Лейлек району, Кулунду айылы
- Улуту: кыргыз
- Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы
Билими:
- 2002-2007-жылдары - Кыргыз-Түрк «Манас» университети, коммуникациялар факультети
- Адистиги: Радио, телевидение жана кино өнөрү
Эмгек жолу:
• 2006-2007-жылдары — «КООРТ» телеканалында иштеген;
• 2007-2009-жылдары — «5-канал» телерадиокомпаниясында режиссер;
• 2009-2010-жылы — Кыргыз Республикасынын президентинин пресс-кызматынын референти;
• 2010-2011-жылы — Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн референти;
• 2011-2021-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн эксперти;
• 2021-жылдын май — июнь айларында — Президенттик администрациянын Маалымат саясаты кызматында маалымат саясаты бөлүмүнүн эксперти;
• 2021-жылдын июль — 2022-жылдын август айларында — КТРКнын башкы директорунун орун басары;
• 2022-жылдын август — декабрь айларында — УТРКнын башкы директорунун кеңешчиси;
• 2022-жылдын декабрынан тарта — УТРКнын башкы директорунун орун басары.