SerepTV Logo

Министр: "Шайлоодо добуштарды сатуу же сатып алуу фактылары катталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт"

Министр: "Шайлоодо добуштарды сатуу же сатып алуу фактылары катталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт"
Бүгүн, 29-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу, анын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Кеңешмеге ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Анда жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо, референдумду өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун жабдыктары менен кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоодо тиешелүү чараларды көрүү боюнча уюштуруу иштери каралды. Өз кезегинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып, кемчиликтерди жоюну талап кылды. Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып, аны аткаруу боюнча иш-мерчемдер белгиленди.
edita