SerepTV Logo

“Улан Эгизбаев” атындагы кайрымдуулук фонд ачылды

“Улан Эгизбаев” атындагы кайрымдуулук фонд ачылды
Бүгүн 12- февралда маркум журналист Улан Эгизбаевдин  туулган күнүнө карата “Улан Эгизбаев” атындагы кайрымдуулук фондунун ачылуу аземи болууда. Бул тууралуу маалымат алуу максатында  SEREP MEDIA маалымат агенттиги  фонддун негиздөөчүсү жана Улан Эгизбаевдин жакын досу Каниет Жыргалбековдун өзүнө байланышып, коментарий алдык. Ал: “Бул фонд Улан Эгизбаевдин туулган күнүнө карата ачылып жатат. Бул фонддго саясатка аралашпаган чыгаан инсандар байкоочу болот. Биздин кайрымдуулук фонддун негизги максаты май, чай берүү эмес, жардамга муктаж үй бүлөлөрдүн балдарын билим менен камсыз кылуу. Мектепке келе албай жаткан окуучуларга көмөк көрсөтүү жана ЖРТдан жакшы балл алган окуучуларга каржылык жактан жардам берүү болуп саналат”,- деп билдирди. Ал эми фонддун директоруна сынак жарыяланып, тийиштүү критерийлер менен тандалып алынат.
Unknown Author