SerepTV Logo

Укук коргоочу Рита Карасартова камакта калтырылды

Укук коргоочу Рита Карасартова камакта калтырылды
Жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ага 278-берене (Массалык башаламандыктар) боюнча айып тагылды. Карасартова бул айыпты четке какты. 14-апрелде Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп, аны милиция кызматкерлери кармап кеткен.  15-апрелде Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.