SerepTV Logo

Украинанын президенти Владимир Зеленский үч телеканалга санкция киргизди

Украинанын президенти Владимир Зеленский үч телеканалга санкция киргизди
Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Раданын депутаты Тарас Козакка жана ага тиешелүү үч телеканалга санкция киргизди. Козак орусиячыл саясатчы Виктор Медведчуктун фракциясына мүчө. Украинада "112 Украина", ZIK менен Newsone телеканалдарынын чыныгы ээси дагы Медведчук деп айтышат. Санкция киргенден кийин аталган каналдар берүүлөрүн токтотту. Владимир Зеленский "Твиттер" баракчасына санкцияны "өтө татаал" чечим болду деп айтты. "Көз карандысыздык үчүн күрөш - бул маалымат согушундагы чындык үчүн жана европалык баалуулуктар үчүн күрөш",-  деп кошумчалады. Аталган маалымат каражаттары билдирүү жасап, президенттин чечимин сынга алды. Муну бийликтин айткандарына макул болбогондордон саясий өч алуу деп аташкан. Виктор Медведчук анын партиясы президент Зеленскийге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүп чыгарын билдирди.
edita