УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөгө эртең кайтып келет
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөгө эртең, 18-февраль күнү саат 10:00дө кайтып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-февралда телеграм-каналына жазды.
Анын айтымында, Ташиев Кыргыз мамлекетине кайтып келери менен дароо Баткен облусуна кетет.
“Урматтуу мекендештер! Буюрса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең саат 10:00дө чет мамлекеттен "Манас" аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер ошол жакта каралат”, - деп жазды ал.
7-февралда Ташиев дарылануу үчүн Германияга учуп кеткен. Ал эми 12-февралда жүрөгүнө операция жасалган. Жасалган операциянын ийгиликтүү болгону кабарланган.