УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эмгек өргүүдөн ишке чыга элек
2-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыккан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ишенимдүү булак билдиргендей, төрага бүгүн жумушка чыккан жок.
Анын эмгек өргүүгө ден соолугуна байланыштуу чыккан жана дарылануу үчүн чет өлкөгө учканы маалым.
Ташиевге 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнө операция жасалган. Кийин Баткен чек ара жаңжалы чыкканда УКМКнын төрагасы чет өлкөгө дарыланууга кеткени маалым болуп, ооруканага жетпей кайтканын өзү билдирген.