SerepTV Logo

УКМКнын сайтын бузууга аракет кылган жаран кармалды

УКМКнын сайтын бузууга аракет кылган жаран кармалды
УКМКнын ведомстволук сайтын мыйзамсыз бузууга аракет жасоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (компьютердик маалыматка укук ченемсиз жеткиликтүүлүк) жана 305-беренеси (зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү)  боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталды. Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шнектүү 1974-жылы туулган К.Б.Т экендиги аныкталды. Анын техникалык аппараттарында көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге анын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер табылды. Белгилей кетүүчү жагдай: Ушул беренелерге ылайык, эсептик көрсөткүчтөрдүн 1800дөн 3000ге чейинки өлчөмүндө айып пул же болбосо 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
edita