Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы ооруканадан чыкты
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы 30-январда ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Улуттук госпиталдан билдиришти.
Ал геморрагиялык инсульт менен ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор болчу.
«Ага бардык медициналык жардам көрсөтүлгөн. Калыбына келтирүү динамикасы жакшы болду. Ден соолугу турукташкандан кийин ал ооруканадан чыгарылды», - деп билдиришти ооруканадан.
12-январда Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Үсөнканова УКМКга сурак берип жаткан учурда ооруканага түшкөн. Ал алдамчылыкка шектелип жатканы маалымдалган. Тергөө иш-аракеттери башталганга чейин ооруп калгандыгына байланыштуу ага стационардык дарылануу сунушталган болчу.