SerepTV Logo

"УКМК сөз эркиндигине шек келтирүүдө". Медиа Полиси Институтунун комментарийи

"УКМК сөз эркиндигине шек келтирүүдө". Медиа Полиси Институтунун комментарийи
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 8-июлда "президентти жамандагандар жана төңкөрүшкө чакыргандар каттоодо турат" деп билдирди. Медиа Полиси Институту бул сөз жана пикир айтуу эркиндигине шек келтирет деп эсептейт. Укук коргоочулардын айтымында, ыйгарым укуктардын ачык тизмесине негизделген УКМК сыяктуу мамлекеттик органдын компетенциясына президентке карата айтылган терс билдирүүлөрдү издөө иши кирбейт. «Ар-намыс жана кадыр-барк материалдык эмес, мүлктүк эмес укуктар категориясына кирет, алар жеке адамдын өзгөчө субъективдүү укуктары болуп саналат, алар менен ажырагыс байланышта болот жана ушундан келип чыккан нерсе, бир гана жаран анын кадыр-баркына шек келтирген нерсени өз алдынча баалай алат. Ошондуктан ар бир адамдын, анын ичинде президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо чот арыкылуу жүргүзүлүшү керек», - дешет юристтер. Алар Камчыбек Ташиев “коомду радикалдаштыруунун кажети жок” жана “деструктивдүү күчтөргө, иш-аракеттерге чакыруу” деп айтуу менен, сыягы, бийликти күч менен басып алуу сыяктуу экстремисттик иш-аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигинин бар экенин билдирген; коомдук бийликти күч менен басып алууга чакырыктар; расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (жек көрүүчүлүктү) козутууга да кылмыш жоопкерчилиги бар экенин айткысы келген.  "Тилекке каршы, мыйзамдарда тыюу салуулардын кеңири чөйрөсү бар жана ошого жараша анын аткарылышында көйгөйлөр бар",- деп айтылат маалыматта.