SerepTV Logo

УКМК: "Матраимовду кайтарып турган штаттык кийимчен адамдар - биздин кызматкерлер"

УКМК: "Матраимовду кайтарып турган штаттык кийимчен адамдар - биздин кызматкерлер"
Кечээ, 24-мартта 24.kg агенттигинин кабарчылары кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шектелип кармалып, бирок учурда менчик клиникада жаткан Райымбек Матраимовду ооруканада спорттук кийимчен адамдар кайтарып турганын тасмага тартып келишкен. Алар журналисттерди экс-бажычы жаткан палатага киргизбей, алардын маалымат алуусуна тоскоолдук жаратышкан. Сереп Медиа агенттиги "Эмне үчүн Матраимовду УКМКнын атайын формачан кызматкерлери эмес, белгисиз адамдар кайтарып турат?" деген суроо менен коопсуздук комитетинин басма сөз кызматына кайрылды. "Биринчиден, менчик оорукананын өзүндө кароол бар экен. Экинчиден, мыйзамга ылайык, ал жакта кайтарып тургандар жарандык кийимчен болгону менен биздин кызматкерлер. Алар расмий кызматкерлер болгон үчүн эч кимге комментарий бергенге акысы жок", - деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунун жетекчиси Назгүл Кыдыралиева. Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шектелип, февраль айында кармалган. Сот аны УКМКнын Тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик "Бикард" ооруканасына жаткырылган. Мыйзам боюнча камактагы адамды, кайда болбосун, УКМКнын униформачан кызматкерлери кайтарып туруш керек.
Unknown Author