УКМК кызматкерлерине көп кабаттуу алты үй куруу үчүн тендер жарыяланды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине көп кабаттуу 6 үй куруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жүктөлдү.
Анда мамлекеттик кызматкерлер үчүн аталган 9 кабаттуу 6 объектке турак үйлөрдү курууга 580 миллион 935 миң сом бөлүнөрү жазылган. Жана курулуштун долбоорунда Бишкектин Манас проспектисине курула турган турак үйлөр 2022-жылдын август айында аякташы керектиги дагы белгиленген.
Ал эми тендердик сынакка катышууну каалагандар компаниялар 25-февралга чейин тапшырык берүү керек.