SerepTV Logo

УКМК Кыргызстандагы аэропортто Тажикстандын жарандарына чара көрүп жатышат деген маалыматты четке какты

УКМК Кыргызстандагы аэропортто Тажикстандын жарандарына чара көрүп жатышат деген маалыматты четке какты
Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик өзүнүн Ютубдагы каналында Бишкек шана Ош шаарларындагы аэропортто Тажик жарандарын кармап, аларга «акылга сыйгыс» чара көрүп жатышканын билдирди. Бүгүн, 6-майда УКМКнын Чек ара кызматы анын айыптоолоруна жооп берди. «Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана улуттар аралык кастыкты козутуу аракети болуп саналат. Чек арачылар иш алып барууда эл аралык-укуктук келишимдерге жана макулдашууларга, Конституцияга жана башка Кыргызстандын нормативдик акттарына таянат. Жарандарды Кыргызстандын чек арасы аркылуу өткөрүү иши адамдарды жарандыгына, улутуна, расасына бөлүүсүз, жалпы тартипте жүргүзүлөт. Тажик тараптын Кыргызстандын чек арасына, ошондой эле «Кызыл-Бел—унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктуна куралдуу кол салганына байланыштуу, андан тышкары жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү убактылуу өткөрүү токтотулган. Мекенине кайтуу үчүн Кыргызстандын аэропортторун колдонгон Тажик жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эки маршрут уюштурулган: биринчиси, Тажикстандын жарандары мекенине Өзбекстан аркылуу кетүүсү үчүн көзөмөл-өткөрүү пункттарына жеткирилүүдө, экинчиси, тажик жарандарын «Бордөбө—унаа жолу» жана «Карамык—унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пункттарына жеткирип жатышат. Эки учурда тең Тажик жарандары Кыргызстандын автобустары менен жеткирилүүдө. Аталган чаралар тажик жарандары тараптан учурдагы абалга байланыштуу туура деп бааланууда жана Валентина Чупиктин негизсиз билдирүүлөрүнө карабастан, Тажик жарандары Кыргызстандын аэропортторунун кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланып жатышат. Бул Кыргызстан тажик жарандары үчүн коопсуз экенин далилдейт. Тажик тарап Кыргызстандын аймагына жана тынч жаткан элге биринчи ок чыгарган. Ага карабастан кыргыз тарап эл аралык укуктун бардык нормаларын сактоо менен Кыргызстандагы тажик жарандарынын коопсуздугун камсыздап жатат. Абалды туруксуздаштырууга жана аймакта согуш чыгарууга кызыкдар жактар Валентина Чупикке атайын жалган маалымат берген деп ойлойбуз. Чек ара кызматы Валентина Чупиктин билдирүүлөрүн негизсиз деп эсептейт жана эки мамлекеттин ортосундагы жаңжалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат», - деп айтылат билдирүүдө.