SerepTV Logo

УКМК Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалыматты четке какты

УКМК Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп жатат деген маалыматты четке какты
УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарындагы “Ооганстанга Кыргызстандан мунайзаттар импорттолуп жатат” деген маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди. "16-декабрга карата Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу, жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган. Ошондой эле Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган. Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз Республикасынан сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган",- деп айтылат маалыматта.

Ооган маалымат каражаты Кыргызстан Ооганстанга күйүүчү май экспорттоп баштаганын жазды.