УКМК: "Кыргыз темир жолунун" мурдагы башкы директору кармалган жок"
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин айрым ЖМКларда Василий Дашков УКМК тарабынан кармалгандыгы жана убактылуу жайга камала тургандыгы маалымдалган эле.