SerepTV Logo

УКМК БШКнын сайты боюнча: "Формуладан ката кеткен, бирок мунун программа менен эч кандай байланышы жок"

УКМК БШКнын сайты боюнча: "Формуладан ката кеткен, бирок мунун программа менен эч кандай байланышы жок"
УКМК 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо БШКнын маалыматтык шайлоо системасынын баракчасындагы мүчүлүштүк тууралуу комментарий берди. Текст өзгөртүлбөстөн берилди: "УКМК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, БШКнын расмий сайтында 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтардын фактысы текшерилип жатат. Шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган. Бул жагдай маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок. Жогоруда аталган веб-ресурстун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын жана талапкерлерге берилген жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн. БШКнын техникалык адистери тарабынан жогоруда аталган веб-ресурстун программалык кодун (көрсөтүү баракчасынын) тестирлөөдө механикалык ката табылган эмес. Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) Автоматтык эсептөөчү урналарынан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-чаралар аралаш системаны колдонуу менен шайлоо өткөрүү үчүн БШК тарабынан ишке ашырылган. Бул программа туура иштеп жатат жана добуштардын саны боюнча туура маалыматтарды көрсөтүүдө. Киберкоопсуздукту камсыз кылуу максатында, буга чейин УКМК БШК менен биргеликте Маалыматтык шайлоо системасын (МШС) техникалык текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү сунуштар берилген. Маалыматтык шайлоо системасынын (МШС) маалыматтык коргоо каражаттарынын журналдык файлдарын алдын ала талдоо, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө БШКнын маалымат тутумдарына компьютердик чабуулдар болгонун көрсөттү. Ошол эле учурда, ушул сыяктуу чабуулдар ар дайым болуп келген, бирок бул чабуулдар каттоого алынып, ийгиликтүү четке кагылып турат, бул БШКда маалыматты коргоо каражаттарынын натыйжалуулугун далилдейт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы мыйзамга ылайык добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат. Азыркы учурда добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн добуштарды кол менен саноо жүргүзүлүүдө, эсептөөнүн жыйынтыктары чыгаары менен БШКнын МШС сайтында жарыяланып турат".