SerepTV Logo

УКМК Бишкектеги курулуш компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү

УКМК Бишкектеги курулуш компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрдү
УКМК Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын жетекчилери менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. "Бүгүнкү күндө өлкө боюнча курулуш иштери өсүп – социалдык чөйрөдө, өнөр жай жана энергетика тармактарында объекттер курулуп жатат. Бирок акыркы 3 жылда курулуш иштеринин жүрүшүндө кырсыктардын көбөйүшү байкалууда: 2022-жылы курулуш аянтчаларында бийиктиктен кулоо боюнча 11 факты катталса, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, 2025-жылдын 3 айында 30дан ашык факты катталган",- деп айтылат маалыматта. Мындай тенденцияда коопсуздук талаптарын сактоо өтө актуалдуу жана төмөнкү себептерден улам алардын сакталышын камсыз кылуу өтө маанилүү: 1. Өмүрдү жана ден-соолукту сактоо: курулуш учурунда эң кооптуу- бийиктиктен кулап түшүү, токко урунуу жана шаймандардын жаракат алуу. 2. Экономикалык жоготууларды азайтуу: коопсуздук талаптарын бузуу, жумуштун токтоп калуусуна, айып пулга, жабыр тарткандардын ордун толтурууга жана аброюна зыян келтирет. 3. Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу: коопсуз чөйрө жумушчуларды шыктандырат, жаракаттан улам иштин токтоп калуусун азайтат жана иштин сапатын жакшыртат. 4. Юридикалык жоопкерчилик: талаптарды бузуу административдик же кылмыш кесепеттерине алып келет. 5. Экологиялык жана коомдук коопсуздук: материалдарды же техниканы туура эмес колдонуу айлана-чөйрөгө же жашоочуларга зыян келтириши мүмкүн. Буга байланыштуу курулуш бизнесинин өкүлдөрүнө эмгек коопсуздугунун шарттарын сапаттуу түзүү жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын  сактоону камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар жеткирилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="285159,285160,285161,285162,285163,285164"]