SerepTV Logo

УКМК: Атайын кызмат муфтийди шайлоого кийлигишкен жок

УКМК: Атайын кызмат муфтийди шайлоого кийлигишкен жок
Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда улуттук коопсуздук кызматкерлери муфтийди шайлоого кийлигишип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. "УКМКнын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишине кийлигишүүгө укугу жок, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн", - деп жазылат комитет тараткан маалыматта. 26-июнда Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайы өтүп, анда Замир Ракиев муфтий болуп шайланган.
Unknown Author