SerepTV Logo

Удаасынан 4 күн эс алуу... 8-январь дем алыш күнү болот

Удаасынан 4 күн эс алуу... 8-январь дем алыш күнү болот
2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 8-январдагы иш күнүнө которулду. Тийиштүү чечимге кол коюлганын өкмөттөн маалымдашты. Ошентип, январдын 7синен 10уна чейин эс алуу болот. 7-январь Рождество майрамы, 9-10-январь ишемби жана жекшемби күндөрү. Буга чейин Жаңы жылды майрамдоодо жумуш күндөрү которулбай турганы, 8-январь иш күнү бойдон калары айтылган эле. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 3-майдагы дем алыш күнүн – 8-январдагы иш күнүнө которуу сунушталат.
admin@supertv.kg