SerepTV Logo

Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пневмония менен ооруган жүзгө жакын бала бар

Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пневмония менен ооруган жүзгө жакын бала бар
Кавасаки сыяктуу синдром менен ооруган үч бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланууда. Алардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди. Анын айтымында, эртең менен абалы жакшырган бейтаптар ооруканадан чыгарылган. Дарыгерлер аларды алыстан көзөмөлдөөнү улантышат. «Ошол эле учурда пневмония менен ооругандар көп. Бүгүнкү күндө биздин борбордо жүзгө жакын бала дал ушул оору менен ооруп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте пневмония менен ооругандар үчүн кошумча бөлүм ачуу маселесин чечип жатабыз»,- деди Узакбаев.
edita