SerepTV Logo

"Учурда абалдары туруктуу". Бишкекте 10 жана 11 жаштагы балдар колго жасалган жарылуучу затты жардырышкан

"Учурда абалдары туруктуу". Бишкекте 10 жана 11 жаштагы балдар колго жасалган жарылуучу затты жардырышкан
Кечээ, 25-август күнү саат 17:30 чамасында Биринчи Май районундагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Ала-Арча суусунда 2 жаш бала колго жасалган жарылуучу затты жардырган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кырсыктын кесепетинен 2010 жана 2011-жылы туулган жаш балдар жабыркаган. Жерине 5 куткаруучу тартылып,  жабыркаган 2 баланы чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.