Учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди. Алар ооруканада
Бүгүн, 30-декабрда Казакстандын Актау шаарындагы учак кырсыгынан жабыркаган 3 кыргызстандык Бишкек шаарындагы ооруканага Тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Аларды алып келе жаткан учак Бишкек шаарынын “Манас" эл аралык аэропортуна 30-декабрга караган түнү саат 02:52де конду. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.