SerepTV Logo

"Убактылуу гана". Кыргызстанда унааны кайра каттоо 1 миң 360 сомду түзөт

"Убактылуу гана". Кыргызстанда унааны кайра каттоо 1 миң 360 сомду түзөт

1-июндан тарта Кыргызстанда унааларды кайра каттоодон өткөрүү арзаныраак болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Акциянын максаты - президенттин «Жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында унааны кайра каттоодо алымдын нөлдүк ставкасын белгилөө менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандыруу.

Унааны кайра каттоонун баасы, чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө карабастан, 1 миң 360 сомду түзөт. Белгиленгендей, жаңы номер сатып албасаңыз, унааны кайра каттоонун баасы дагы төмөндөйт - 460 сомго чейин.

“Өкмөт бардык унаа ээлеринен мүмкүнчүлүктү колдонуп, жеңилдиктери бар унааларды өз атына каттоону суранат. Кайра каттоонун баасын төмөндөтүү убактылуу иш-аракет болуп саналат жана ушул жылдын 31-декабрына чейин созулат », - деп билдиришти мекемеден.