Чек ара жаңжалынан жабыркаган 99 бейтап дарыланып жатат
3-майга карата Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 183 адамга жетти. 34 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн медициналык мекемелеринде 99 адам дарыланууну улантып жатат.
«Алардын ичинен 1 оор абалда, 2 адам орто оор абалда. Калгандары медкызматкерлердин көзөмөлүндө», - деди ал.
Мындан тышкары ал учурда дары-дармектер жетиштүү экенин айтты.