SerepTV Logo

"Түшүнбөгөнгө бир түрк уурдалды". Орхан Инандынын уурдалышы боюнча соцтармакта кандай реакция болуп жатат?

"Түшүнбөгөнгө бир түрк уурдалды". Орхан Инандынын уурдалышы боюнча соцтармакта кандай реакция болуп жатат?
Кечээ, 5-июлда бир ай мурда дайынсыз жоголгон «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды Түркияда экени ачыкталды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынында өзү билдирип, «Орхан Инанды Улуттук коопсуздук кызматынын жардамы менен Түркияга алып келинди» деди. Бул окуя боюнча социалдык тармактын колдонуучулары өз пикирин, нааразычылыгын жаза албай коюшпады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги айрым колдонуучулардын жазган постторун топтоду. Окуяга кайдыгер карабагандардын арасында депутат Каныбек Иманалиев да бар. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды. Депутат Наталья Никитенко Кыргыз жаранынын уурдалышын өлкө үчүн уят иш деп эсептейт. Депутат Жанар Акаев "Бийлик калп айтканы аз келгенсип, элибизди, мамлекетибизди басмырлоого негиз түзүп берип жатканы үчүн жооп берет" дейт. Экс-депутат Феликс Кулов өз тажрыйбасынан ушул сыяктуу окуялар болуп келгенин айтып жазды. Ал эми мурдагы айыл-чарба министри Тилек Токтагазиев бул окуядан кийин "өз жаранынын намысын сактай албаган бийлик, бүткүл мамлекеттин намысын сактай албайт" деп эсептейт. "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова "Эрдоганга - Инанды. Эми Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын башчысы катары таануу ордуна эмне талап кылат?" деп жазды. "Өтө өкүнүчтүү. Эгер Кыргызстандын атайын кызматы түрктөргө салып берген болсо, анда Жапаровго импичмент коркунучу жаралат. Анткени баарыбыздын коопсуздугубуздун гаранты, башкы командачы ошо киши". Мындай оюн журналист Али Токтакунов жазып чыкты. Ал эми алпаруучу Назира Айтбекова Орхан Инандыны кыргыз эли барктай албаганын айтып, андан кечирим сурады. Алпаруучу Эркин Рыскулбеков да кайдыгер эмес жарандардын катарында. Бул окуя боюнча үн каткандардын арасында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова да бар. Ал "бир ай издөө иштери, анан ушундай жаңылык. Бардыгы эле боолголошту, бирок үмүттөнүштү..." деп жазды. "Туран" саясий партиясынын өкүлү Эрлан Бекчороевдин айтымында, билимсиз адам мугалимдин баркын билбейт. Ал эми сырттан окуган киши мугалим ким экенин билбейт. 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан.