SerepTV Logo

Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке элден 13 миллион сом чогулду

Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке элден 13 миллион сом чогулду
Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Руслан Татиков КТРКга берген маеги учурунда тышкы карызды төлөө үчүн элден 13,2 млн. сом чогулганын билдирди. Аталган эсеп 2020-жылдын октябрь айында ачылган. “Министрликтин астында казыналык борбор бар. Ошол жерде атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө ал эсепке 13 миллион 332 миң сом түштү. Азырынча чогултуу иштери жүрүп жатат. Аны тышкы карызга төлөө үчүн сунуштар кийинчерээк болот деп ойлойм”, - деди Татиков. Министрликтин маалыматы боюнча, элден акча чогултуу үчүн банкта эки эсеп 2020-жылдын 30-октябрында ачылган. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга, экинчиси тышкы карызды төлөө үчүн жумшалары айтылган.  
Unknown Author