SerepTV Logo

Тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке 4 гана адамдан акча которулган

Тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке 4 гана адамдан акча которулган
Тышкы карызды төлөөгө көмөктөшүүнү каалагандар үчүн ачылган депозиттик эсепке ушул күнгө чейин 4 гана адам акча которгон. Жалпы 1 миллион 29 миң сом түштү. Бул тууралуу Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди. "Бул эсепке биринчи 27 миң сом, андан соң 2 миң жана 50 сом түштү. Жаңы жылдын алдында бир ишкер миллион сом которду. Жалпылап алганда 4 адам акча салды", — деди Амандыков. Бюджеттин тартыштыгынан улам түшкөн сунуштардын негизинде Финансы министрлиги тышкы карызга жумшоо үчүн 18-ноябрда атайын эсеп ачкан.
Unknown Author