SerepTV Logo

Тышкы иштер министрлигинен Чымкентте 38 Кыргыз жаранын кармалганын ырасташты

Тышкы иштер министрлигинен Чымкентте 38 Кыргыз жаранын кармалганын ырасташты
Чымкентте 38 Кыргыз жараны текшерүү иш-чараларынын алкагында кармалып, кийин кайра коё берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Закир Юбуров жана башка Кыргыз жарандарынын кармалышына байланыштуу министрликтен консулдук-укуктук жардамдын алкагында тийиштүү иштер жүрүп жатканын билдиришти. Казак тарапка текшерүү иш-чараларынан кийин жарандарды тез арада бошотуу боюнча министрликтин нотасы жиберилди. Буга чейин Чымкентте Баялы Төрөгелдиев аттуу Кыргыз жараны сурак учурунда сабалып, ага медициналык жардам көрсөтпөй, калтырып коюшканы маалымдалган.