SerepTV Logo

Түркиянын элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат

Түркиянын элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат
Бүгүн, 2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында кайрадан митинг өтүп жатат. Чогулгандар «Сапат» эл аралык билим берү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылып жатышат. Мындан тышкары, алар Түркиянын элчиси менен жолугууну талап кылышууда. Кечээ, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инандынын унаасы 12-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн короосунда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.