Түркиядан Кыргыз мамлекетине беш көчмө клиника алынып келет
5-февралда Анкара шаарындагы "Optima Techniс" заводуна Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев барышкан. Анда алар беш көчмө клиникаларды өлкөгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка ылайык, заводдун жетекчилиги менен жана көчмө клиникаларды өндүргөн норвегиялык "Нормека АС" компаниясынын жетекчилиги менен, бул машинелерди алууну каржылап жаткан Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен да жолугушуу болгон.
Ар бир көчмө унаа клиниканын ичинде ультраүндүү жабдуу, томмограф, маммограф, рентген, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, эхокардиограф, биохимиялык анализдерди чыгаруучу лабораториялык жабдуулар менен кошо көз ооруларына операция жасоого ыңгайлашкан чакан операция жайы бар.
Азырынча бул клиникалардын өлкөгө так качан келери тууралуу маалымат бериле элек.