SerepTV Logo

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим үй камагына чыкты

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим үй камагына чыкты
Түркиянын аймагында кармалган Кыргыз жараны үй камагына чыкты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечимине ылайык, ал тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу анын жактоочусу менен биргеликте жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда.