SerepTV Logo

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим менен адвокат жолугуп чыккан

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим менен адвокат жолугуп чыккан
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу менен адвокаты жолугуп чыкты. Бул тууралуу мугалимдин жубайы Ирзван Пахридин кызы билдирип, 12-майда Азамат Нурмат уулуна үй-бүлөсү менен телефондон сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деген маалымат бар экенин айтты. Бул тууралуу "Азаттык" жазды. 28-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Азамат Нурмат уулу Фетхулла Гүлендин тарапташтары колдонгон мобилдик тиркемени колдонгон үчүн кармалганын билдирген.