SerepTV Logo

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммити болуп өттү

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммити болуп өттү
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммити болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Бейформал саммитке президент Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Ошондой эле, байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышты. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелерге токтолду. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин интеграция процессин бекемдөө боюнча бир катар факторлорду белгиледи. Бейформал саммиттин жүрүшүндө Түрк кеңешинин баш катчысы Багдад Амреевдин отчету угулду. Иш-чаранын жыйынтыгында «Түркстан декларациясы» кабыл алынды.
edita