SerepTV Logo

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн ачылышы болду (сүрөт)

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолундагы эки эстакадалык көпүрөнүн ачылышы болду (сүрөт)
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна иш сапарынын алкагында эки эстакадалык көпүрөнүн жана Арал-Казарман унаа жолунун ачылыш салтанатына катышты. Көрсөтүлгөн объектилер Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бөлүгү болуп саналат, ал эми курулуштун подрядчысы - «Чайна Роад энд Бридж Корп.» компаниясы. Эстакада көпүрөлөрүнүн узундугу 1076 жана 396 метрди түзөт. Көпүрөлөр жаңы жана заманбап технологияларды колдонуу менен курулган жана Арал-Казарман унаа жолунда жайгашкан. Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Министрлер кабинетинин башчысына Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушунун алкагындагы долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун жана Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында эки эстакадалык көпүрөнү жана 100 чакырым жолду пайдаланууга берүү аземи болуп өттү. Өкмөт башчы «Кыргыз жолтранс» долбоорлоо институтуна, Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө жана элчилигине, «Чайна Роуд энд Бриджс» компаниясына жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушуна катышкан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. «Биз Кытай Эл Республикасына ушундай татаал инженердик курулуштарды курууга жардам көрсөткөндүгү, ошондой эле жергиликтүү калкка бул процессте кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жолдор чоң роль ойнойт. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу аймактардын жана бүтүндөй өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизет», - деди Акылбек Жапаров. Салтанаттын соңунда ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн төмөндөгүлөр сыйланышты: - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь; - Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) улук инженер-лаборанты Тухтаматов Руслан Рустамбекович; - Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) улук инженер-лаборанты Узубалиев Азамат Дуйшенович; - Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) Өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хуся; - Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча Кытай корпорациясынын (CRBC) башкы директорунун орун басары жана «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулуш долбоорунун менеджери Цзинь Чжэ. Акылбек Жапаров «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен да таанышты. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="82855,82856,82857,82858,82859,82860"]